Жээнбек Кулубаев кыргызстандыктарга АКШда визалык талаптарды жеңилдетүү маселесин көтөрдү
29 сентябрь

Жээнбек Кулубаев кыргызстандыктарга АКШда визалык талаптарды жеңилдетүү маселесин көтөрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Тараптардын жолугушуусу 2025-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өткөн.

Анда тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин жана келечегин талкуулап, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү багытында биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экенин тастыкташты.

Соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулуп, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Министр Кулубаев кыргыз тарап АКШлык инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтып, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде, америкалык тарап өз ара кызыкчылыктарга жооп берген багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө берилгендигин ырастады.

Тараптар ошондой эле санкциялык, визалык жана миграциялык маселелерди карап чыгышты.

Министр Ж.Кулубаев санкцияларга карата тең салмактуу мамиле зарылдыгын жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды сактоонун зарылдыгы билдирилди.

Андан сырткары, тараптар аймактык кызматташуунун келечегин талкуулап, «С5+1» форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана алдыдагы иш-чаралар тууралуу пикир алмашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында алар кеңири спектрдеги эки тараптуу кызматташтык боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин тастыкташты.