Ош мэриясы орусиялык куруучулар уюму менен кызматташтыкты өнүктүрөт
9 апрель

Ош мэриясы орусиялык куруучулар уюму менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 8-апрелде Россиянын тармактар аралык "Российский Союз Строителей" уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жолугушууга аталган уюмдун инвестициялык ишмердүүлүк боюнча комитетинин төрагасы Руслан Шатохин баштаган делегация катышып, коммуналдык чарба жаатында кызматташуу, анын ичинде Ош шаарына электр автобустарын жеткирүү, түнкү жарыктандыруу системаларын модернизациялоо, ошондой эле электр тармактарынын зымдарын жер астынан туташтыруу маселелери талкууланды.

Соңунда, тараптар белгиленген багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.