Токтогулда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылат
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 28-сентябрда Токтогул шаарында иш сапары менен болуп, бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш сапардын алкагында 750 орундуу мектептин, 140 орундуу бала бакчанын жана 100 орундуу оорукананын даярдалган долбоорлору сунушталып, алардын ишке ашырылышы боюнча маалымат берилди.
Мындан тышкары, Токтогул шаарынын ички жолдорун реконструкциялоо долбоору да сунушталып, анын алкагында жасала турган жумуштар тууралуу маалыматтар менен таанышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл долбоорлордун сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
