Тармактык комитетте М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун өнүктүрүү маселеси талкууланды
18 май

Тармактык комитетте М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 18-майда Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевдин жана Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин академик М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна болгон жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгы жөнүндө маселе каралды.

Алгач комитет төрагасынын орун басары Советбек Рустамбек уулу белгилегендей, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин жана Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети 12-майда аталган медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү ишке ашырган дарыгерлер менен жолугушту.

«Баарлашуу учурунда дарыгерлер трансплантология бөлмөсү чакан экенин айтышып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүү максатында аны чоңойтуп берүүнү өтүнүштү. Ошону менен катар оорукананын бир бөлүгү эскиргендиги белгиленип, жаңылап берүү суранычы да көтөрүлдү. Андыктан, бул маселени комитеттин жыйынында кароо чечими кабыл алынган», – деди Советбек Рустамбек уулу.

Жыйында баяндама жасаган Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев трансплантологиянын туруктуу улуттук системасын өнүктүрүү боюнча чараларга токтолуп:

«Азыркы учурда боорду жана бөйрөктү алмаштыруу операциялары өлкөдөгү 4 тармактык медициналык мекемеде жүргүзүлүүдө», – деди баяндамачы.

Талкуу маалында депутат Жылдыз Эгенбердиева Улуттук хирургия борборунун дарыгерлерин биринчи операциянын ийгиликтүү жасалышы менен куттуктап, ошону менен катар трансплантацияга муктаж бейтаптардын реестрин иштеп чыгууну сунуштады. Ал эми эл өкүлү Гүлнара Баатырова Кыргызстанда мындай операцияларды жүргүзүү чоң мааниге ээ экенин белгилеп, алардын ийгиликтүү жасалышы дарыгерлерибиздин жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтөрүн кошумчалады. Ошондой эле депутат донор боло ала турган туугандардын тизмесин кеңейтүү керектигин айтты.

Жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борборунун трансплантология бөлүмүнүн ишин өнүктүрүү боюнча маалыматы эске алынды.