Россиядагы мигранттар “тизмеден” чыгуу үчүн эмнелерди билиши керек
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Россиядагы мигранттарга өзүн тизмеден текшерүүнүн эң оңой жолун айтты. Ал - migrant.kg сайты.
Ал белгилегендей, тизмеге түшкөн кыргызстандыктар укуктук абалын жөнгө салуу үчүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигине, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнө, Россиянын аймактарындагы Башкы консулдуктарына да кайрылышса болот.
Дарманкул уулунун айтымында, бир эле жаран тизмеге бир нече эреже бузуулары үчүн илинип калышы мүмкүн. Мисалы, милицияга түшүү, банктардагы карызы, биометрикалык маалыматтарынын жоктугу, медициналык кароодон өтпөгөнү, эмгек келишиминин базага киргизилбегени ж.б.
Бардык эреже бузуулар жоюлмайынча, жаран тизмеден чыгарылбайт.
Ошондуктан, өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырууга киришкен жаран өзүнүн кандай эреже бузуулары бардыгын так билип алышы керек.
