Токтогулда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр муктаж үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү үй салып беришти
Токтогул шаарынын карамагындагы Кызыл-Туу айылындагы N6 Мүлкүбат атындагы орто мектебинин 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү (1987-жылы туулган айыл жаштары) 20 жылдык мааракесине карата муктаж үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү турак жай салып беришти. Бул тууралуу Токтогул райондук администрациясынан кабарлашты.
Көп жылдан бери эки бөлмөлүү үйдө жашап келген муктаж үй-бүлөгө бүгүн жаңы салынган турак жайдын лентасы кыркылып, расмий түрдө ээсине тапшырышты.
Үйдү тапшыруу аземине айыл аксакалдары, энелери, тургундары жана коноктор катышып, жалпы элдин батасы менен иш-чара өткөрүлдү.
"Бул демилге айылдагы ынтымактын, боорукерликтин жана жигердүүлүктүн даана үлгүсү болуп калды", - деп айтылат маалыматта.
