Ошто экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча семинар өтүүдө
22 октябрь

Ошто экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча семинар өтүүдө

Ош шаарынын мэриясында 22-октябрда экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын жана мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын талкуулоо боюнча семинар-тренинг өтүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Адилет Шаршеналы уулу, президенттин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча аймактык ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү, укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана МАБ башчылары катышууда.

Катышуучулар тарабынан экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери боюнча актуалдуу сунуштар жана пикирлер айтылды.