Оштогу Көкүм-Бий көчөсүнө асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө
25 май

Оштогу Көкүм-Бий көчөсүнө асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаарындагы Көмкүм-Бий көчөсүнө асфальттын биринчи катмары 2100 метр жерге басылып бүттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кеңеш айылындагы жол чырактан баштап, Бирлешкен айылына чейин 1600 метр жол күнү-түнү, 24 саат ачык турат.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 4100 метрди түзгөн, туурасы 14 метр болгон жолго асфальт төшөлөт. Ал төрт катар унаа жүрүүгө ылайыкталып жасалууда.

Көчөнүн жээктеринде арыктар курулуп, жер алдындагы суунун көп болгон аймактарында 1,5–2 метр тереңдикте жер казылып, таштар төшөлүп кайра тегизделди. Мындан тышкары, ирригациялык системалар курулуп, жол четиндеги бордюрлар орнотулууда жана суу түтүктөрү жер астынан өткөрүлүүдө.