2024-жылы 53 жетекчи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды
Президенттин администрациясынын коллегиясынын жыйынында мамлекеттик органдардын ишине кеңири талдоо жүргүзүлдү. Негизги көңүл бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана чет элдик иш сапарларга чыгашаларды оптималдаштырууга багытталган.
Талдоолордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов баяндама жасады.
"2024-жылдын аягына карата 53 жетекчи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Учурда мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдери каралып жатат, анын ичинде айып салуу жана сый акыларды алууга чектөө киргизүү каралууда", - деп билдирди Азамат Осмонов.
Баяндамада каралган негизги маселе мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөлүк иш сапарларын оптималдаштыруу болду.
Алардын тышкы саясатты ишке ашыруу, инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн абсолюттук мааниси белгиленди. Бирок, талдоо көрсөткөндөй, командировкалардын олуттуу саны өлкөгө сезилерлик пайда алып келбейт жана олуттуу бюджеттик чыгымдар менен байланышкан.
