Канат Сагынбаев
25 август
Канат Сагынбаев эмгек министринин м.а. болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сагынбаев Канат Латипжанович Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Сагынбаев Канат Латипжановичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
