220 кВ «Кемин–Ак-Кыя» аба чубалгысында чагылгандан жана ашыкча чыңалуудан коргоочу жабдуулар орнотулууда
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын аба чубалгы кызматы тарабынан 220 кВ «Кемин–Ак-Кыя» аба чубалгысында чагылгандан жана ашыкча чыңалуудан коргоочу жабдууларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чара жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, электр жабдууларын чагылгандан жана ашыкча чыңалуудан коргоо, өчүүлөрдүн алдын алуу, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо максатында аткарылууда.
Иш пландын негизинде 28 даана ашыкча чыңалуудан коргоочу жабдуу — ОПН (ограничитель перенапряжения) капиталдык курулуш эсебинен алынып келип, учурда аларды аба чубалгыларга орнотуу иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, Нарын электр тармактар ишканасынын аба чубалгыларынын дээрлик 90 пайызы бийик тоолуу аймактар аркылуу өтөт. Мындай шартта чагылгандын көп түшүү коркунучу жогору болгон участокторго талдоо жүргүзүлүп, коргоочу жабдууларды орнотуу боюнча тиешелүү иштер аткарылууда.
Учурда кызматкерлер деңиз деңгээлинен 3500 метрге бийиктикте иш алып барып, белгиленген участоктордо ОПН жабдууларын орнотууда.
Мындай иштердин жүргүзүлүшү энергетикалык инфраструктуранын туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
