Көк-Мойнок-Кубакы жолундагы жол бергилери алмаштырылды
21 февраль

Көк-Мойнок-Кубакы жолундагы жол бергилери алмаштырылды

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолундагы (0-26-чакырымдар аралыгы) эскирген жол белгилери алмаштырылып, таштандылар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда жолдун 0-26-чакырымдар аралыгында ыргытылган таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулду.
Айрыкча Орто-Токой суу сактагычына токтоп, жаратылышка суктанып, башкысы коопсуз жерде сүрөткө түшүү максатында атайын тосмолор тосулган жайдын (фотозона) айланасы таштандыга тез толгондуктан байма-бай тазаланып турат.

Ошондой эле, тазалоо иштери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 221-270-чакырымдар аралыгында да аткарылды.  

Мындан улам, Транспорт жана коммуникциялар министрлиги жарандарды табият менен таттуу мамиледе болуп, жолго таштанды таштабоого чакырат.