Бишкекте өрт кырсыгы бир жарандын өмүрүн алды
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Өрттү өчүрүүгө жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылган.
Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы бир эркек адам каза болду.
Тилсиз жоонун айынан турак үйдүн болжол менен жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн чатыры жана ичи күйүп кетти.
