Равшанбек Сабиров жаңы кызматка дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, ал буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматын аркалап келген.
