Бишкекте ишкер аялдар форуму өтүүдө
Бишкекте гендердик талаптарга жооп берген жашыл инновацияга арналган Борбордук Азия-Россия (ЦАРЭС) ишкер аялдар форуму өтүүдө. Иш-чара аймактын туруктуу келечегин түзүүдө аялдардын лидерлигинин ролун белгилейт.
Форумдун алкагында күн батареялары, инверторлор жана үйлөрдүн моделдери сыяктуу алдыңкы технологияларды көрсөтүүчү Жашыл инновациялар көргөзмөсү камтылган.
Форумдун катышуучулары туруктуу өнүгүүнүн чечимдерин, анын ичинде шамал энергетикасынын технологияларын жана башка инновацияларды талкуулашууда.
Форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Монголия, Пакистан, Түркмөнстан, Грузия, Ооганстан жана Кытай сыяктуу 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, аймактагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Иш-чара бизнесте аялдарды колдоо жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн экологиялык таза технологияларды ишке ашыруу максатын көздөйт.
