Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
