Бишкек: бир сутка ичинде Бишкекте 50 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок айдоочу кармалды
22 октябрь

Бишкек: бир сутка ичинде Бишкекте 50 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок айдоочу кармалды

2025-жылдын 21-октябрынан тартып Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол эрежелерин бузуу учурларын алдын алуу максатында рейд жүргүзүлүүдө.

Рейд учурунда милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жолду убактылуу тарытуу ыкмасын колдонуп, транспорт агымын натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузгандарды ыкчам аныктоого жетишүүдө.

Биринчи эле күнү жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуу фактылары катталды

• 12 айдоочу – транспорт каражатын мас абалында башкарган;
• 18 айдоочу – ыйгарым укуктуу органдын уруксаты жок алдыңкы терезелерин караңгылатып алган;
• 8 айдоочу – автоээнбаштык аракеттери менен жол эрежесин демонстративдүү бузган;
• 50 айдоочу – айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган;
• 51 жөө жүргүнчү – жолдон туура эмес өткөн.

Мындан тышкары, ар кандай мыйзам бузуу себептери менен 324 унаа айып токтотуучу жайга коюлду.

Милициянын кайгуул кызматы бардык айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.