Чүй облусунда маркасы жок күйүүчү май сакталган кампа табылды
Чүй облусунда маркасы жок күйүүчү май сакталган кампа табылды, деп кабарлайт МСКнын маалымат кызматы.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Бообек айылында маркасы жок күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз саткан кампаны аныкташты.
Текшерүү учурунда кампадан жалпы көлөмү 1 430 литр болгон маркасы жок дизелдик отун табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү май андан ары чекене сатуу үчүн белгисиз жактардан сатылып алынган жана республиканын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келинген.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилет.
