Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков 19-июнда Дүйнөлүк банктын «Планета» багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэн менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар суу ресурстары, айыл чарба, ирригация жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Эрлист Акунбеков Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктү жогору бааларын белгилеп, аны өлкөдөгү стратегиялык реформаларды ишке ашырууда жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда негизги өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын айтты.
Мындан тышкары суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо, ирригациялык тутумдарды өнүктүрүү, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо, ошондой эле агрардык сектордо жана аймактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары чыңдоого, биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
