Ошто өрттөн 34 жаштагы келин беш баласы менен мерт кетти, эң кичүүсү экиде
Ош шаарында алты адамдын өмүрүн алган ири өрт катталды. Бул тууралуу КР ӨКМден кабарлашты.
Кырсык 22-октябрда таңкы саат 05:52де Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде катталган.
Жерине бир бөлүм тартылган, жалын саат 06:25те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алгачкы маалыматтар боюнча, болжол менен саат 03:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт башталып, ал кыска убакыттын ичинде турак үйдүн чатырына чейин тараган.
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен үйдүн 6 адамдан турган тургундары каза болду: 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары.
Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда жарандардын сөөгү таанылгыс абалда табылган.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
