21 июль

Социалдык тармактарда үч жаш жигит адам уурдоону уюштурган видеоролик тараган. Андагы кадрлар чыныгы кылмышка окшогон кооптуу көрүнүштөрдү жараткан. Бирок, текшерүүнүн жүрүшүндө, бул жарнамалык максатта тартылганы белгилүү болду.

Бул факты боюнча Ленин РИИБдин кызматкерлери төмөнкү жарандарды аныктап, ички иштер башкармалыгына жеткиришти:

• 2004-жылы туулган М.М.;
• 2001-жылы туулган Т.С.;
• 2005-жылы туулган А.У.;

Алдын алуу текшерүүнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ички иштер органдары эскертет: жарандарды адаштырып, коомдо терс пикир жараткан маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат, мындай аракеттерди жазагандар мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылат.