Талас облусундагы Кара-Арча жолу асфальтталууда
17 сентябрь

Талас облусундагы Кара-Арча жолу асфальтталууда

Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылына алып барчу унаа жолдо асфальттоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жолдун быйыл 5 чакырымы жасалып, пайдаланууга берүү пландалууда.

Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, № 48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Жолдун оңдолушу айыл тургундарынын каттамын жеңилдетип, коопсуздукту камсыздап, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.