Түп районунда көл үстүндө толкун алып кеткен жарандын өмүрү сакталды
21 июль

Түп районунда көл үстүндө толкун алып кеткен жарандын өмүрү сакталды

2025-жылдын 21-июль күнү саат 14:30 чамаларында Түп РИИБдин 102 номуруна кичи Орукту айылынын күн батыш тарабында жайгашкан Ысык-Көл жээгиндеги пляжда белгисиз жарандын шамалдын таасиринен улам көл үстүндө үйлөтмө кайык (байдарка) менен алыстап кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Кырдаал тууралуу кабар алынышы менен, Түп РИИБдин кызматкерлери жана Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экология милициясы бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам аракетке өтүшкөн. Учурда Каракол куюмасында кызмат өтөп жүргөн милиция кызматкерлери дароо кичи Орукту айылын көздөй сапар алышып, аба ырайынын начардыгына жана көл үстүндөгү 1,5 метрге жеткен толкундарга карабастан, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында, шамал 2-3 чакырым аралыкка алып кеткен үйлөтмө кайыктагы жарандын өмүрү сакталып калды. Кызыл түстөгү кийим жана коопсуздук жилет кийип жүргөн жарандын ким экендиги такталып, Чүй облусу Ысык-Aта районунун тургуну Т. аттуу айым экени аныкталды. Куткарылган жаран коопсуз түрдө жээкке чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды суу жээгинде эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Өзгөчө шамалдуу аба ырайында үйлөтмө кайык сыяктуу суу транспортуна түшүүдөн кармануу сунушталат.