Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан «Арсенал» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү
14 август

Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан «Арсенал» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, МККК полку, Бишкек шаары боюнча МККБ жана ИИМдин Атайын багыттагы полку менен биргеликте «Арсенал» аталышындагы кеңири масштабдуу иш-чара жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо жана таратуу фактыларын аныктап, бөгөт коюу, ошондой эле аларды кылмыштуу максатта пайдаланууну алдын алуу болуп саналат.

Алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө, жеке күзөт агенттиктери, курал жарак ээлери текшерүүгө алынып, алар менен курал жарактарды мыйзамсыз сактоонун кесепети боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, мыйзамсыз сакталган 3 сайсыз курал алынып, административдик протоколдор түзүлүп, суммасы 9000 сомду түзгөн айып пул салынды жана бир катар кылмыштын бети ачылды.

Бул иш-чара коопсуздукту камсыздоого, курал-жарак колдонулган кылмыштарга бөгөт коюуга жана алын алууга, ошону менен бирге жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин арттырууга багытталган.