Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты адамдын өзүнүн банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө болуп саналат, бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт.
Алсак, ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген ченем менен толуктоо сунушталат (2091-берене).
Ошол эле учурда “электрондук төлөм каражаттары” деген түшүнүк аныкталат.
