Ахунбаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
25 август

Ахунбаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда эртең менен жумуш аяктап, Ахунбаев көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде асфальт төшөө толугу менен жаңыланып, жаңы бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары түшүрүлүп, жаңы жол белгилери орнотулду.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн Ахунбаев көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерин жеринен текшерип чыгып, жаңыланган жолдун ачылышына катышты.

Мэрия учурда жол боюндагы тротуарларды оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирет.