Кыргызстанда бир жумада 23,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
25 август

Кыргызстанда бир жумада 23,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 18-августтан 24-августка чейинки аралыкта 23 миң 502 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1006;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 273;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 180;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-805;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 215;
  • Авто ээнбаштык - 41;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 841;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 18;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 10 997;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 126  унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.