Ошто кампадан ири өрт чыкты 
17 январь

Ошто кампадан ири өрт чыкты 

Ош шаарынын Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жерине жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана дрон тартылган.

Тилсиз жоо саат 09:26да чектөөгө алынып, саат 12:20да толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 420 чарчы метрди түздү. Кырсыктан жабыркагандар жок.