Бишкектин бир бөлүгүндө 29-августта таза суу жок болот
Бишкектин бир бөлүгүндө 29-августта саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
Өчүрүү аймагы: Л.Толстой көчөсү – Асаналиева көчөсү – Фучика көчөсү – темир жол линиясы – Садырбаев көчөсү менен чектешет.
Суу берүү Л.Толстой көчөсүндөгү диаметри 200 мм суу түтүктөрүн кайра туташтырууга байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
