Баткен: Боз-Адыр-Кара-Токой жолуна асфальт төшөлүүдө
Боз-Адыр-Кара-Токой жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Облус башчысы Айбек Шаменов бүгүн, 24-августта Баткен-Кара-Токой жолунун Боз-Адыр-Кара-Токой участкасында жүрүп жаткан асфальт төшөө иштеринен кабар алды.
Боз-Адыр-Кара-Токой жолунун 1,8 чакырым жерине N2 Жол-тейлөө ишканасы тарабынан асфальт төшөө иштери аткарылууда, буга чейин жолдун калган бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Жолдун жалпы узундугу 4 чакырым.
