Легендарлуу парламенттин депутаты Камбар Узаков «Ош облусунун ардактуу атуулу» болду
Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн легендарлуу парламенттин депутаты «Манас-100» медалынын ээси Камбар Узаков «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды. Бул тууралуу прездиенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Наамды бүгүн, 17-сентябрда, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев тапшырып, ийгиликтерди каалады.
