Ош облусунун аймагында укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлүүдө
17 январь

Ош облусунун аймагында укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлүүдө

Ош облусунун аймагында бир күндүк «Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү» иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ага милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук бузуулардын алдын алуу субъектилери катышууда. 

Анда иш-чарага катышуучулар аймактарды кыдырып, укук бузуулардын катталуусуна себеп болгон жагдайларды аныктоо жана аны жоюу боюнча иш алып барышат.