Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жумуш сапары менен Кыргызстанга келди
Министрлер кабинети
30 август

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жумуш сапары менен Кыргызстанга келди

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Аэропортто ШКУга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинген.

Монголиянын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.