Ош ОИИБ: 1000ге чукул милиция кызматкерлери “Акыркы коңгуроо” салтанатында коопсуздукту камсыздашат
24 май

Ош ОИИБ: 1000ге чукул милиция кызматкерлери “Акыркы коңгуроо” салтанатында коопсуздукту камсыздашат

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы 26-май күнү облус аймагында жайгашкан орто мектептерде 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоочу “Акыркы коңгуроо” салтанаты учурунда коомдук коопсуздукту сактоо үчүн кызматкерлердин күч каражаттарынын эсебин чыгарды.

Облус боюнча 534 орто мектепте боло турган “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземинде 1000 чукул кызматкер коомдук коопсуздукту камсыздашат.

Эс алуучу жайларга жана тоолуу аймактарга баруучу автожолдорго 43 пост уюштурулуп, жаратылыш койнуна өз алдынча эс алууга барууну каалаган балдар көзөмөлгө алынат.

Андан сырткары ар бир райондо күндүзгү жана түнкү кайгуулдардын тобу түзүлүп, укук бузууларды аныктоо боюнча иш алып барышат.

Аймактарга жооптуу болуп бекитилген башкармалыктын жетекчилик курамынан кызматкерлери жеринде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялоо иштерин алып барышат.

Белгилей кетсек буга чейин ар бир мектепте жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнун катышуусунда мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер менен жыйындар уюштурулуп, коопсуздук чараларын сактоо боюнча маселе каралган.