Бишкектин Ленин районунда жаңы балдар ойноочу аянтча пайдаланууга берилди
Бишкектин Ленин районунун аймагында шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана балдар үчүн коопсуз, заманбап шарттарды түзүү багытындагы иштер улантылууда.
Аталган иш-чаралардын алкагында Л. Толстой көчөсү 146 жана 146а даректеринде жаңы үлгүдөгү балдар ойноочу аянтча расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Аянтчанын ачылыш аземине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Бактыбекович, Ленин районунун башчысынын орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу жана 102-МАБ начальниги Нурлан Кубан уулу катышты.
Жаңы аянтча заманбап коопсуздук талаптарына жооп берип, балдардын эс алуусу жана өнүгүүсү үчүн бардык шарттар менен камсыздалган. Бул демилге район тургундары үчүн, айрыкча жаш балдарга, жагымдуу белек болуп калды.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар ыраазычылыктарын билдирип, ак баталарын беришти.
