"Мадина" базарында өрт чыкты. Текшерүү иштери башталды
видеодон алынган кадр
30 август

"Мадина" базарында өрт чыкты. Текшерүү иштери башталды

2026-жылдын 30-августунда "Мадина" базарынын аймагындагы эки соода контейнеринен өрт чыккан.

Такталган маалыматка ылайык, аталган контейнерлердин эшиги бир күн мурда кечинде жабылган. Контейнердин бирөөсү 18:38де, дагы бирөөсү 18:41де жабылган. Андан кийин аларда соода ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн эмес. 30-августта таңкы саат 08:31де бул контейнерлерден өрт чыккан.

Текшерүүнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан видеокөзөмөл камераларындагы видеолор алынып, иликтенди. Видеого ылайык, контейнерлер жабылгандан кийин аларга жакындаган же түздөн-түз жанында болгон бөтөн адамдар катталган эмес.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды.