Баткен облусунда өз ишинде өзгөчөлөнгөндөргө “Алтын өрүк” сыйлыгы тапшырылды
Баткен облусунун жыл мыктылары аныкталып, өз ишинде өзгөчөлөнгөндөргө “Алтын өрүк” сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Салтанаттуу иш-чарага облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков катышты.
Мыктылар атайын коиссиянын жана УТРК Баткен телеканалынын социалдык тармактагы баракчаларында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган.
Ага ылайык,
- “Мыкты аким” номинациясын Баткен районунун акими Данир Иманалиев
- “Мыкты айыл өкмөт башчысы” номинациясын Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Абдухамитов
- “Мыкты мекеме” номинациясын Кызыл-Кыя шаардык социалдык фонд башкармалыгы татыктуу болушту.
Мындан сырткары, төмөнкү номинациялар боюнча татыктуулар тандалды.
4. Мыкты прокуратура кызматкери
5. Мыкты милиция кызматкери
6. Мыкты чекарачы
7. Мыкты куткаруучу
8. Мыкты аскер
9. Мыкты чарбакер
10. Мыкты медицина кызматкери
11. Мыкты маданият кызматкери
12. Мыкты мугалим
13. Мыкты спортчу
14. Мыкты ишкер
15. Мыкты студент
16. Мыкты окуучу.
