Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы сел толугу менен тазаланды
Иллюстрациялык сүрөт
15 июль

Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы сел толугу менен тазаланды

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 361–367-чакырымына 14-июлдун кечинде 3 жерден сел жүрүп, жолдун бир тарабы убактылуу жабылган.

Трансорт министрлигинен кабарлашкандай, жеринде министрликтин №31 Жол тейлөө мекемеси тазалоо иштерин ыкчам жүргүздү.

Жолчулар таңкы саат 04:00гө чейин атайын техникалардын жардамы менен сел жүргөн тилкелерди толугу менен тазалап, жолду коопсуз пайдаланууга даярдашты. Саат 06:00дө эки тараптуу кыймыл толугу менен ачылды.

Учурда жолдун жээгинде калган сел калдыктарын тазалоо жана жолдун туурасын кеңейтүү иштери улантылып жатат. Кырдаал тиешелүү жол кызматкерлердин көзөмөлүндө.