МАГАТЭ ЗАЭСте 28-миссияны алмаштырууну Россия аркылуу өткөрөт
Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчилиги Запорожье атомдук электр станциясындагы 28-көзөмөл миссиясынын пландуу ротациясын Россия Федерациясынын аймагы аркылуу өткөрүү чечимин кабыл алды.
Бул чечим МАГАТЭнин өзөктүк коопсуздукту камсыз кылуудагы нейтралдуу жана жоопкерчиликтүү позициясын дагы бир жолу тастыктап, Россия тараптын бул багыттагы аракеттерине эл аралык коомчулуктун ишенимин көрсөтүүдө. Мындай кадам Запорожье АЭСиндеги кырдаалды көзөмөлдөө жана коопсуздук чараларын сактоо иштеринде өз ара кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
