Камсыздандыруу: жеткиликтүүлүк жана ишеним
9 февраль

Камсыздандыруу: жеткиликтүүлүк жана ишеним

Камсыздандырууну ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана ишенимдүү кылуу үчүн атайын чаралар көрүлүүдө.

I жана II топтогу майыптуулугу бар жарандарга турак жайды милдеттүү камсыздандырууда 100% жеңилдиктер берилет. Эгер камсыздандыруу окуясы катталса, жеңилдикке карабастан компенсация толугу менен төлөнөт.

Аймактардагы камсыздандыруу көрсөткүчтөрү өсүүдө:

  • Ош облусунда 74 761 келишим түзүлдү.
  • Жалал-Абад 53 895.
  • Чүй 35 515.

Бүгүнкү күндө камсыздандыруу компаниялары Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы менен биргеликте калкты камсыздандыруу боюнча маалымат берүү жана механизмдерди түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат. Бул иштердин натыйжасында быйыл камсыздандыруу келишимдеринин саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйдү.

Камсыздандыруу — бул жарандарды коргоо үчүн иштелип чыккан мыйзам.