Эмгек министри Свердлов облусундагы кыргызстандыктарды мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу маселесин талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров Свердлов облусунун губернаторунун орун басары В.В. Козлов башында турган делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги максаты – КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун өкмөтүнүн ортосунда эмгек миграциясы жаатында эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү боюнча кызматташууну түзүү болду.
Жолугушуу учурунда министр Сабиров Кыргыз Республикасынын Свердлов облусунда жүргөн жарандары туш болгон бир катар көйгөйлөрдү баса белгиледи. Алардын катарында чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу, аларды чыгарып жиберүү жол-жобосу жана контролдонуучу адамдардын реестрине киргизүү маселелери көтөрүлдү.Бул чакырыктарга жооп катары кыргыз тарап миграциялык көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштады.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Свердлов облусунун профилдик ведомствосунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү тууралуу макулдашылды. Меморандум Кыргыз Республикасынын жарандарын Свердлов облусунун аймагында ишке орноштуруу маселелерин чечүүгө багытталат.
Министр Сабиров Екатеринбург шаарынын миграциялык борборунда дактилоскопия, медициналык күбөлөндүрүү жана сүрөткө түшүү процедураларынан өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары туш болуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи. Буга байланыштуу миграциялык процесстерди натыйжалуу жөнгө салуу жана мигранттар үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган Россия Федерациясынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүү сунушталды.
Россия тарап ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык долбоорлорду бөлүшүү жаатында кызматташууну сунуштады.
Бул кадамдар Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн шарттарды жакшыртууга өбөлгө болору күтүлүүдө.
