
Базар-Коргондо милицияга пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду
2025-жылдын 12-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБге пара берүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн.
Анда, тергөөгө чейинки текшерүү материалынын алкагында суралып жаткан К. Б. аттуу жаран айыбын мойнуна алып, мыйзамдуу жоопкерчиликтен качуу максатын көздөп, каралып жаткан текшерүү иши боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып берүүнү суранып, бир нече жолу бөлүм башчыларынын бирине пара кабыл алууну сунуштаган.
Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 13-июнь күнү атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Ички иликтөө кызматы, Базар-Коргон РИИБдин ыкчам кызматкерлери менен биргеликте кызматтык бөлмөдө 80 000 сом пара сунуштап берип жаткан жеринен шаардык мээриясына караштуу муниципалдык ишканасынын башчысы 1978-жылы туулган К.Б. кармалган.
Шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Базар-Коргон РИИБдин УКЖга киргизилген.