Бишкектеги милиция бөлүмүндө жарандын каза болушу боюнча кылмыш иши козголду
2025-жылдын 9-августунда Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин №1 шаардык милиция бөлүмүндө М.А. аттуу жарандын каза болушу боюнча Ленин районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 338-бер. 2-бөл. 4-п. (бийликтен аша чабуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү баардык тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө.
