Чүй облусунда үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды
Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1976-жылы туулган И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүнүн уулу – 1992-жылы туулган И.С.ке чара көрүүнү суранган. Ал арызында, 2025-жылдын октябрь айында анын баласы Токмок шаарындагы үйүндө мас абалында болуп, одоно сөздөрдү айтып, анын денесине жаракаттарын келтирип, анын сол колун сындырганын билдирген.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жаран И.А.га ден соолукка анча оор эмес деңгээлдеги зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 1992-жылы туулган И.С. аттуу жаран көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
