
Ошто 28 жаштагы тамада бычакталып каза болду
Ошто 28 жаштагы тамада бычакталып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына таянып УТРК жазды.
Милициянын билдирүүсүнө ылайык, кылмышка шектүү катары маркумдун жердеши кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилери айтылды.