Кыргызстандын милициясы туристтик мезгилге даяр
www
10 июнь

Кыргызстандын милициясы туристтик мезгилге даяр

Туристтик мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.

Коомдук тартипти сактоого жана жарандарга, өлкө конокторуна жардам көрсөтүүгө тартылган автотранспорт кызматтык милдеттерди аткарууга толук даярдалды.

Транспорт каражаттарына техникалык кароолор жүргүзүлүп, байланыш каражаттары жана атайын жабдуулар текшерилди.

Туристтик мезгил ичинде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын коопсуздугун сактоо жана мүмкүн болгон окуяларга өз убагында чара көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүшөт.