Кыргызстанда кадастрлык баалоо системасы боюнча 250гө жакын адис даярдады
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинде мамлекеттик кадастрлык баалоо системасын түзүү боюнча долбоордун төртүнчү этабынын жыйынтыгы боюнча отчет өттү. Этаптын негизги максаты – билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана кыймылсыз мүлктүн кадастрлык баасын аныктоочу адистерди даярдоо болду.
Долбоорду Россиянын Роскадстр агенттиги менен Кыргызстандын Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги биргеликте ишке ашырган.
Окутууга Жер агенттигинин, салык кызматтарынын, министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын жалпы 241 кызматкери катышты. Бардык катышуучулар ийгиликтүү дипломдук иштерин коргоп, кадастрлык баалоо жаатында иштөөгө укук берүүчү күбөлүктөр жана дипломдорду алышты.
Уюштуруучулар белгилешкендей, даярдалган кадрлар Кыргызстанда жаңы кадастрлык баалоо системасын ишке киргизүүнүн жана эффективдүү иштетүүнүн негизги булагы болот.
