Бишкек шаарынын ИИББ кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына Т.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, 2024-жылдын июнь айынан сентябрь айына чейинки мезгилде Бишкек шаарынын аймагында Д.А. аттуу жарандын ишенимге кирип, «Kia Carnival» үлгүсүндөгү автоунааны алып берүүгө көмөктөшөм деген шылтоо менен 13 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү (1 099 147 сом) акча каражатын ээлеп алган. Бирок акчаны алынгандан кийин милдеттенмелер аткарылбай, шектүү белгисиз тарапка из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан 1994-жылы туулган,жаран Д.А., аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери улантылууда. Анын мыйзамга каршы аракеттеринин мүмкүн болгон кошумча фактыларын аныктоо боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
