Оштун мэри көзөмөлүнө алган класстын окуучуларына жаңы жылдык белек тапшырды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев №24 Фрунзе мектебинин 3-“А” классынын окуучуларына жаңы жылга карата майрамдык белектерин жана класс жетекчисине ноутбук тапшырды.
Мэриядан кабарлашкандай, калаа башчы окуучулар менен баарлашып, окууларына ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, буга чейин мэр аталган классты өз көзөмөлүнө алып, керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу жана жаңы жылдык белек тапшыруу боюнча убада берген.
Бүгүн ал убадасын аткарып, билим берүү мекемесине барып, балдарга майрамдык маанай тартуулады.
