Нарын районундагы Куйбышев айылында кризистик борбор ачылды
Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылында күн мурун, 16-сентябрда Жумгалбек Солтонкулов атындагы кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Борбор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык колдоо долбоорунун алкагында 827 миң сомго каржыланып, имарат капиталдык оңдоодон өтүп, кызматкерлердин айлык акысы камсыздалды.
Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен кошумча оңдоо жүргүзүлүп, айыл тургундары жана демөөрчүлөр да колдоо көрсөтүштү.
Кризистик борбордун негизги максаты – турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына эрте кийлигишүү жана социалдык колдоо кызматтарын көрсөтүү болуп саналат.
